Коронавирустан жабыркаган же эпидемия менен күрөшүүгө тартылган 300дөн ашуун кытай ишканалары банктардан 8,2 млрд доллар сурашты. Бул тууралуу Reuters кабарлады.
Суралып жаткан насыялардын эң чоң көлөмү Xiaomiге таандык. Ишкана медициналык жабдыктарын чыгарууга 716 млн доллар суроодо.
Ишканалардын тизмеси банктарга Кытайдын өкмөтү тарабынан жөнөтүлгөн. Эксперттердин божомолунда, насыялар льготтук негизде кыска мөөнөттө берилет.