Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 млрд юань грант берет

19.05.2023, 15:30 Акчабар
Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 млрд юань грант берет

Өнүгүү потенциалын бекемдөө максатында Кытай илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу жаатында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу пландарын иштеп чыгат. Бул багытта Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 млрд. юань (болжол менен 3,72 млрд. доллар) грант берет. Бул тууралуу Кытайдын расмий "Синьхуа" мамлекеттик агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, Кытайдын лидери Си Цзиньпин Борбордук Азияда топуракты иштетүү, сугатта сууну үнөмдөөчү жогорку технологиялык ишканаларды жана маалымат технологиялар парктарын түзүүгө көмөктөшөт.  

“Кытай каржылаган ишканалар жергиликтүүлөргө жумуш орундарын түзөт. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 26 млрд. юань (болжол менен 3,72 млрд. доллар) каржылык колдоо жана грант бөлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, Си Цзиньпин Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта тынчтыкты сактоо үчүн мыйзам үстөмдүгүн, коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеген. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу