Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын соода үйү ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчиси Ху Цян менен жолукту.
Жолугушууда соода өкүлү Кыргызстандын экспорттук потенциалына токтолуп, Кыргызстан экологиялык жактан таза продукциялары менен сыймыктана тургандыгын белгиледи. Ал Сиань шаарындагы Соода үйүнүн ачылышы кыргыз продукциясын Кытайга сатуунун биринчи кадамы болот деген оюн билдирди.
“Бул Соода үйү кытайлык керектөөчүлөр үчүн кыргыз өндүрүүчүлөрү менен түз байланыш түзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы электрондук сооданын өнүгүшүнө түрткү болот”, - деп айтылат маалыматта.
Соода үйүнүн жалпы аянты 200 метрди түзөт.