Кытайдан алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө пайдасыз — Каржы министрлиги

27.02.2023, 11:01 Акчабар
Кытайдан алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө пайдасыз — Каржы министрлиги

Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө Кыргызстан үчүн пайдасыз. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык,  2008-2015-жылдары Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда насыя келишими түзүлгөн. Анын шарттарына ылайык, насыя мөөнөтүнөн мурда кайтарылган учурда карыз алуучу тарап насыя берген тарапка 1% өлчөмүндө комиссия төлөп бериши керек. Келишимде графикте көрсөтүлгөн күндөн тартып, акыркы датасына чейин чегерилген каражат толук төлөнүп берилүүсү шарт. 

“Ушуга байланыштуу насыяны мөөнөтүнөн мурда жабуу республикалык бюджетке олуттуу жүк болуп, кошумча чоң чыгымдарды алып келет”, - деп айтылат маалыматта.  

Тактап айтканда, кыргыз тарап үчүн экономикалык жактан Кытай Экспорттук-импорттук банкына тышкы насыяларды мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдасыз.

“Кыргызстандын ресурстары жетиштүү жана мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджетте каражаттар толук көлөмдө каралган. Мамлекеттик карызды тейлөө өз убагында жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат министрликтин маалыматында. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу