Кытайдан Кыргызстанга автоунаа ташып келүү 26 эсе өстү

14.09.2023, 15:30 Акчабар
Кытайдан Кыргызстанга автоунаа ташып келүү 26 эсе өстү

Быйыл жети айда Кыргызстанга чет өлкөдөн 97 миң 316 автоунаа алынып келинген. Алардын ичинде оор жүк ташуучу унаалар, жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана атайын транспорттор бар. Алардын басымдуу бөлүгү, 84 миң 927си жеңил унаа болгон. 

Бул унаалар Кыргызстанга 58 мамлекеттен импорттолгон. Бирок, көпчүлүк өлкөлөрдөн миңге жетпеген автоунаа жеткирилсе, Кыргызстанга бир транспорт экспорттогон өлкөлөр да бар. Маселен, Кыргызстанга Израил менен Люксембургдан бир, Зимбабведен эки машина алынып келинген. 

Кыргызстандын рыногуна автоунааларды эң ири жеткирүүчү болуп Германия, Грузия, Кытай, Литва, Түштүк Корея, Орусия, АКШ жана Жапония саналат. Быйыл жети айда эң көп унаа Түштүк Кореядан келген, анын саны 28 миң 961. Бир жыл ичинде бул өлкөдөн автоунаанын алынып келиниши 8,7 эсеге өскөн. 

Кыргызстанга ташылып келген унаалар боюнча экинчи орунда Кытай турат. Кыргызстан Кытайдан 14 миң 910 унаа импорттогон. Ошол эле учурда, бир жыл мурун Кытай Грузия, Түштүк Корея, Орусия, АКШ жана Жапониядан автоунааларды импорттоо боюнча төмөн болгон. Кыргызстандын Кытайдан автоунааларды жеткирүүсүнүн 26 эсеге жогорулашы (2022-жылдын январь-июль айларындагы 574 автоунаадан) Кытайдагы эң ири автоунаа импорттоочусунун деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берди. 

Белгилеп кетсек, былтыр Грузия Кыргызстанга автоунаа импорттогон негизги өлкө болсо, быйыл Грузия жетинчи гана орунда турат.

Кызыгы, Кыргызстанга эң кымбат унаалар Германиядан алынып келинет, орточо баасы 42 миң 528 доллар, андан кийин Кытай 16 миң 504 доллар жана Жапония 16 миң 112 доллар турат. 

Быйыл жети айда Кыргызстанга 7 миң 302 оор жүк ташуучу унаа алынып келинген. Дээрлик бардык оор жүк ташуучу унаалар түштүк Кореядан (2 миң 661 унаа), Литвадан (2 миң 553 унаа) жана Кытайдан (1 миң 35 унаа) келген.

Мында импорттук жүк ташуучу унаанын орточо баасы 10 миң 372 долларды түздү. 

Ал эми Кыргызстанга атайын техниканы экспорттогон негизги өлкө  Литва болуп саналат. Ал бардык импорттун 98%ын түзөт. Бул өлкөдөн Кыргызстанга 28 млн 497,4 миң долларга 4 миң 854 атайын унаа алып келинген. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн унаалар негизинен Кытайдан алынып келинген, тагыраагы 182 унаанын 123ү бул өлкөдөн келген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу