Кытайдын «Loong Air» авиакомпаниясы Сиань – Бишкек – Сиань каттамын ачат

14.03.2023, 10:03 Акчабар
Кытайдын «Loong Air» авиакомпаниясы Сиань – Бишкек – Сиань каттамын ачат

Келерки айдан тарта Сиань – Бишкек – Сиань каттамдарын дагы бир кытайлык “Loong Air” компаниясы ачууга даярданып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен бул каттам боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Алдын ала каттамдар 2023-жылдын апрелинен тарта иштей баштайт. “Loong Air” авиакомпаниясы менен Сиань – Бишкек – Сиань авиакаттамдарын ачуу маселеси мурда иштелип чыккан. Бирок COVID-19 пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган”, - деп билдирди Мамлекеттик агенттик.

Эске салсак, быйыл 11-февралдан тарта Кытайдын “China Southern Airlines” авиакомпаниясы “Манас” эл аралык аэропортунан бул каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну баштаган. Бишкектен Кытайдын ири шаарларынын бирине учкан учактар ​​жумасына бир жолу, ар жекшембиде учат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу