«Кыял» ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды

11.05.2023, 10:00 Акчабар
«Кыял» ишканасында коррупциялык схемалар аныкталды

Президенттик администрацияга караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасында имараттарды мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кыял” МИнын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштурушкан.

“Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага алуу үчүн опузалап акча талап кылуу фактылары, ошондой эле “Кыял” МИнин коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Алдын-ала маалыматтар боюнча келтирилген чыгым 12 миң долларды түзөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен мекемелер аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген зыяндын так көлөмү такталууда.

“Соода жайларын орнотууда жана жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталып, бул материалдык гана эмес, жарандардын да өмүрүнө коркунучтуу”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул ишке тиешеси бар адамдар тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу