Көзү азиз жарандарга акысыз англис тили үйрөтүлөт

21.02.2023, 13:40 Акчабар
Көзү азиз жарандарга акысыз англис тили үйрөтүлөт

Касымалы Баялинов атындагы китепканада азиз жана көрүү жөндөмү начар жарандарга англис тилин акысыз үйрөтүү курсу башталды. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду “Камкор” инклюзивдик билим берүү борбору уюштурууда. Ал 2019-жылы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ачылган. 

“Курстарга жазылуу  ушул жылдын июнь айына чейин уланат”, - деп айтылат маалыматта. 

Окуу борборунда төмөндөгү багыттар боюнча курстарга жазылууга болот: 

  • Англис тили 
  • Компьютердик сабаттуулук
  • SMM 
  • Тигүүчүлүк, самын жасоо, эко кол өнөрчүлүк ж.б. 
  • Музыка жана театр

Кошумчалай кетсек, “Камкор” инклюзивдик билим берүү борбору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдуулар менен камсыз болгон өлкөдөгү биринчи борбор. 2019-жылы АКШ элчилиги борборду оңдоп-түзөө жана ыңгайлаштыруу, өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн жабдууларды жана китептерди сатып алууга 37 250 доллар бөлгөн.  

Аталган инклюзивдик окуу борбору ар кандай программаларды, анын ичинде англис тили боюнча сабактарды, коддоо жана келечекте киреше алып келе турган башка кесиптик көндүмдөрдү акысыз үйрөтүп келет. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу