Казакстан 2021-жылдын январь-февраль айларында 11.6 млн тонна чийки зат өндүргөн

07.04.2021, 15:35 Акчабар
Казакстан 2021-жылдын январь-февраль айларында 11.6 млн тонна чийки зат өндүргөн

2021-жылдын алгачкы эки айында Казакстан 11.6 млн тонна таза мунай өндүрдү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу мунай казуунун көлөмү 13.2% төмөндөгөн. Бул тууралуу energyprom.kz жазып чыкты. 

 

Маалыматка ылайык, чийки заттын төмөндөшүнүн себеби, өткөн жылдагы ОПЕК+ өлкөлөрүнүн мунай казуу боюнча кабыл алган келишиминен улам болгон.  Бирок, кайрадан түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, 1-апрелден тарта чийки заттын көлөмү май жана июнь айында күнүнө 350 миң баррелге чейин, июль - 450 миң баррелге чейин жогорулайт. 

2020-жылы жалпысынан январь-декабрь айларында мунай казуунун көлөмү 73 млн тоннага чейин төмөндөгөн. 

Казакстанда казылган 5.9 млн тонна мунайдын ичинен ички рынокто болгону 721.3 миң тонна ишке ашырылган. Бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 1.8 эсеге төмөндөдү. Экспорттун үлүшү 87% түзөт. Анын ичинен тышкы рынокко 5.2 млн тонна мунай жана 1.6 млрд долларга чийки мунай заттар экспорттолгон. 

Тэги: чийки зат мунай казуу ОПЕК+ өлкө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу