Казакстан инвесторлор үчүн салык жеңилдиктерин киргизет

13.11.2020, 11:10 Акчабар
Казакстан инвесторлор үчүн салык жеңилдиктерин киргизет

Казакстандын бийлик башчылары инвесторлор үчүн өзгөртүлгөн салык жеңилдиктерин кабыл алышты. Мындан ары инвесторлор үчүн нөлдүк ставка 10 жылга чейин киргизилет. Бул тууралуу forbes.kz басылмасы жазды. 

Маалыматка ылайык, 10 жыл бою инвесторлор киреше, мүлк жана жер салыгын төлөшпөйт. 

Салык жеңилдиктери Казакстан өкмөтү менен инвестор ортосундагы стратегиялык инвестициялык макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт. 

 

Андан сырткары, экономиканын айрым тармактарында жабыр тарткан ишкерлер үчүн төөндөтүлгөн салык киргизилет. Азыркы учурда ишканалар 10-20%, жеке ишкерлер 10% салык төлөшөт. Эгерде демилге колдоого ээ болсо, анда бардыгына тең салыктын көлөмү 3% төмөндөтүлөт. Казакстандын экономика министрлиги белгилегендей, үч жыл ичинде 4 миң салык төлөөчү 93 млн доллар каражат үнөмдөй алат. 

Тэги: Казакстан салык инвесторлор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу