Казакстанда эки айда ун өндүрүү 5% төмөндөгөн

08.04.2021, 11:30 Акчабар
Казакстанда эки айда ун өндүрүү 5% төмөндөгөн

2021-жылдын январь-февраль айларында Казакстан 516.5 миң тонна ун өндүргөн. 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 5% төмөндөгөн. Бул тууралуу energyprom.kz порталы жазды. 

 

Андан сырткары, Казакстандын ун өндүрүүчүлөрү 478.7 миң тонна майдаланган буудай унун, 349 миң тонна нан азыктарын даярдоо үчүн аралашмалар, 2.2 миң тонна жашылча уну жана башка дан эгиндеринен 662 тонна майда ун өндүрүшкөн. 

2021-жылдын январь айындагы жыйынтык менен жергиликтүү компаниялар унга болгон ички талапты толугу менен аткара алышкан (ички рынокту толтуруу жана экспорт). Импорттун үлүшү 0.4% (912 тонна ун, бул өткөн жылга салыштырмалуу 30% көп).  

Ошол эле учурда экспорттун үлүшү бир жыл ичинде 3.6% төмөндөгөн. Компаниялар экспортко 85.2 миң тонна ун чыгарууга жетишишкен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16.1% төмөн. 

Тэги: Казакстан Ун экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу