Landesbank Кыргызстанга SWIFT аркылуу акча которууларды чектеди

20.09.2023, 15:53 Акчабар
Landesbank Кыргызстанга SWIFT аркылуу акча которууларды чектеди

Бүгүнтөн тарта германиялык “Landesbank Baden-Wuerttemberg” SWIFT төлөмдөрүн евродо которууну Европа экономикалык аймагына кирген өлкөлөргө, ошондой эле Швейцарияга жана Улуу Британияга гана жөнөтөт. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти. 

Бул кыргызстандык бардык кардарлар SWIFT төлөмдөрүн евродо аталган корреспондент банк аркылуу жөнөтө албай турганын билдирет. 

Буга чейин, биздин өлкөдөгү 11 банк бул корреспондент-банк аркылуу акча которууларды жүргүзүп келген. Алар “Doscredobank” “Компаньон Банк”, “Демир Банк,” “Бакай Банк”, “Азия Банкы”, “MBANK”, “Оптима Банк”, "Кыргыз инвестициялык кредиттик банкы”, “Финка Банк” жана “Халык Банк”.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу