Пакистан кыргыз пахтасына кызыгуусун билдирди

21.10.2020, 17:10 Акчабар
Пакистан кыргыз пахтасына кызыгуусун билдирди

Пакистандын кездеме фабрикасы Кыргызстандагы чийки пахта экспортуна кызыгуусун арттырууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Бейшембиевдин ассоциациянын жетекчиси менен болгон жолугушууда белгилүү болду. 

Мындан тышкары, пакистандык ишкерлер текстиль тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

 

Маалымат үчүн: Пакистан текстиль фабрикалар ассоциациясы (APTMA) Пакистандын уюшкан секторун чагылдырган текстиль токуу жана курама фабрикалар боюнча алдыңкы улуттук соода бирикмеси. APTMA 396 текстиль фабрикаларын билдирет, анын ичинен 315 ийрүү, 44 токуу жана 37 композит.

 

 

Тэги: Пакистан текстильная промышленность экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу