Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагындагы Мурас айылына 22 млн. сомго спорт комплекс курулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилеп кетсек, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.
Аталган курулуштун капсула салуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева катышты. Эл өкүлү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, социалдык-инфраструктуралык көйгөйлөрдү талкуулады.