«Коопсуз шаардын» айыптарынын 13% гана мекемелердин бюджетине түшкөн

19.10.2021, 15:01 Акчабар
«Коопсуз шаардын» айыптарынын 13% гана мекемелердин бюджетине түшкөн

Өткөн жылы мекемелердин бюджеттерине "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын жалпы суммасынын 13% дан бир аз көбүрөөк бөлүгү түшкөн. Бул тууралуу Эсеп палатасынын республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жылдык отчетунда айтылды.

Муну менен 2020-жылы айдоочулар айып түрүндө төлөгөн 721,8 миллион сомдун ичинен 97 миллион сому гана мекемелерди каржылоого багытталган.

Мунун негизинде Эсеп палатасы 2020-жылга мамлекеттик органдар 624,8 миллион сомго жетишсиз каржыланган деген тыянак чыгарды жана көзөмөлдүн жоктугу үчүн Каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2019-жылдагы токтомуна ылайык, айдоочулар жол эрежелерин бузгандыгы үчүн "Коопсуз шаар" системасы аркылуу чогултулган айыптар Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, жергиликтүү бийлик, Транспорт жана жолдор министрлигинин ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Тэги: Безопасный город штрафы пдд деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу