Бажы кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктү кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Баткен” бажысынын кызматкерлери Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда «Mercedes-Benz 95403» маркасындагы унааны токтотуп текшерүүгө алышкан.
“Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүндө мыйзамсыз ташылып келе жаткан Өзбекстанда өндүрүлгөн, «ProFpack» маркасы коюлган буюм – кагаз түрмөктөрү табылган”,- деп айтылат маалыматта.
Жүктүн жалпы салмагы 21 824 кг. түздү жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк документтери жок болгон. Учурда иштин материалдары Баткен бажысында каралып жатат.