Өлкөдө былтыр 4 млрд сомго лизинг келишимдери түзүлгөн

30.03.2023, 15:50 Акчабар
Өлкөдө былтыр 4 млрд сомго лизинг келишимдери түзүлгөн

Былтыр 2022-жылы лизинг боюнча 1,8 миң келишим түзүлүп, лизинг ишмердиги тармагында 17 компания иш алып барган. Ал эми 2021-жылы лизингдик компаниялар менен 863 лизингдик келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, мындай келишимдердин жалпы наркы 2022-жылы 4 млрд сомго жакын болгон. Бул 2021-жылдын деңгээлинен 2,3 эсе көп. Мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

“Муну менен бирге финансылык лизингдин түзүмүндө транспорт каражаттары лизинг предмети болгон келишимдердин наркынын үлүшү 2021-жылдагы 10,9%дан 2022-жылдагы 17,5%га чейин көбөйдү”, - деп айтылат маалыматта.  

Ошол эле убакта курулуш-жол техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 7,0 %га өстү. Ал эми айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү тескерисинче 7,7 пайызга азайды. 

“Муну менен бирге 2022-жылы финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы 1,8 млрд сом же 44,6% курулуш-жол техникаларын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу