Өлкөдө CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ ЭБЧ курулууда

19.01.2022, 11:50 Акчабар
Өлкөдө CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ ЭБЧ курулууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) куруу иштери жүрүп жатат.

Республика боюнча ЭБЧ үчүн “Датка” 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдордун курулушу 64%га, тирөөчтүн чуңкурлары казуу 58%га, тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду 52%га, тирөөч орнотуу 35%га аткарылды. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241.

Кыргызстан улуттук электр тармагынан билдиргендей, азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 84 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 44 бирдиктеги транспорттук каражаттар жана 230 жумушчу тартылып, анын дээрлик 70%ын жергиликтүү тургундар түзөт.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат. Долбоорду кыргыз аймагында 2023-жылдын октябрына чейин бүтүрүү күтүлүүдө.

Тэги: CASA-1000 долбоору 500 кВ электр берүү чубалгысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу