Өлкөдө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө

14.01.2022, 12:47 Акчабар
Өлкөдө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы жана башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдагандай, кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин учурдагы милдеттерин ишке ашырууга, өлкөнүн чет жердеги мекемелеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Жапаров чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу, максаттуу экологиялык фонддордон, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдөн, көп тараптуу финансылык институттардан эл аралык климатты каржылоону тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

"Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу сиздердин ишиңиздердин негизги, чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. Ишти реалдуу жыйынтыктарга умтулуу менен натыйжалуу жүргүзүү керек. Албетте, республикада буга катар инвестициялык жана ишкер климатты жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл. Министрлер Кабинети өлкөдө бизнес климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүүдө", - деп белгиледи ал.

Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана чет жердеги мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.

Тэги: Акылбек Жапаров эл аралык уюмдар элчилер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу