Кыргызстанда айыл чарба техникасынын 50%ын колдонуу мөөнөтү 40 жылдан ашат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, калган 25% айыл чарба техникасы 30 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келет. Бардыгы болуп өлкөнүн трактор паркы 22 миң даана айыл чарба техникасынан турат.
Министр акыркы 10 жылда жаңыдан алынып келинген жабдуулардын саны 7 миңден бир аз ашканын белгиледи.
“2011-жылы дыйкандар лизинг менен 820 млн сомго, ал эми 2022-жылы 1 млрд 800 сомго техника сатып алышкан. Быйыл лизингге 3,5 млрд техника каралып, 1 миң даана техника сатылып алынды”, - деди министр.