Кыргызстандын банк системасы туруктуулукту көрсөтүүдө. Ошондой эле, экономиканы кредиттөө уланып, экономиканын өсүшүнө салым кошууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 30-апрелине карата банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 215,6 млрд. сомду түздү. Бул өз кезегинде 2022-жылдын аягына салыштырмалуу 5,7%га өскөн.