Кыргызстандын ички чарба каналдарын оңдоп-түзөөгө 600 млн доллар керек. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.
Маалыматка ылайык, азыртадан кургакчылыкка даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл.
“Быйыл дагы млрд. сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30%ы бөлүндү. Бир катар канал, суу сактагычтар курулуп жатат. Башталуу алдында турган долбоорлор да бар. Бирок бул тармактагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөй болууда”, - дейт ал.
Эске салсак, былтыр 1000 миңге жакын канал тазалынып, ага 951 млн. сом бөлүнгөн.