Азыркы тапта өлкө боюнча 45 мал базар иштейт. Алардын 25и гана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткенде - 6, Жалал-Абадда - 4, Ош облусунда - 9, Чүйдө - 8, Нарында - 2, Ысык-Көлдө - 1, Талас облусундагы 3 мал базары ветеринардык жана санитардык талаптарга толук жооп берет.
Эске салсак, жыл башынан бери ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 14 мал базарга жалпы суммасы 122 миң сом айып салынган.