Өлкөдөн 500 кг ашык баалуу металлдарды ташып чыгууга тыюу салынды

22.03.2023, 16:08 Акчабар
Өлкөдөн 500 кг ашык баалуу металлдарды ташып чыгууга тыюу салынды

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

"Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга 500 кг ашык эмес көлөмдө алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилди", - деп айтылат маалыматта.  

Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу