Кыргызстанга 282,5 тонна пестициддер импорттолду

24.03.2023, 15:40 Акчабар
Кыргызстанга 282,5 тонна пестициддер импорттолду

Ушул жылдын 24-мартына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн 282,5 тонна пестициддер ташылып келинген, же камсыздоо 46%ды түзгөн. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен кабарлашты. 

Анын ичинен:

  • үрөн ууландыргычтар – 29,9 тонна (камсыздоо 55 %);
  • гербициддер – 126,5 тонна (камсыздоо 40 %);
  • инсектициддер – 87,4 тонна (камсыздоо 46 %);
  • фунгициддер – 38,7 тонна (камсыздоо 69 %) түздү.

Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн жалпы 615,4 тонна өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (пестициддер) керектелет.  

“Анын ичинен үрөн ууландыргычтар – 54 тонна, гербициддер – 313,7 тонна, инсектициддер – 191,8 тонна, фунгициддер – 55,9 тонна”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу