Өлкөгө 70 миң тонна кумшекер бажы төлөмүсүз алып келинет

18.01.2022, 15:45 Акчабар
Өлкөгө 70 миң тонна кумшекер бажы төлөмүсүз алып келинет

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 140 “Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Чечими кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымдайт.

Бул чечимге жараша Кыргызстандын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.

"Учурда Айыл чарба министрлиги тарабынан “Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө” министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Анда министрлер кабинетинин 2021-жылдын 12-июлундагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты Кыргызстандын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын февраль айынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.

Эскерте кетсек, кошумча маалымат үчүн министрликтин ЕАЭС иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө +996312623644, +996557557529 телефон аркылуу кайрылыңыз.

Тэги: кумшекер Кыргызстан Айыл чарба министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу