2023-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 59 млн доллар же 535 млрд 972,58 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 482,43 млн долларды, ички карыз 1 млрд 518,16 млн долларды түздү.