Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги китеп сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып 24.kg жазды.
Маалыматка ылайык, сатып алуунун суммасы 5 миллион сомду түздү. Тендерди “Улуу Тоолор” ЖЧКсы уткан.
Маданият министрлигинин өтүнүчү боюнча республиканын китепканалары үчүн кыргыз классиктеринин да, чет элдик бестселлерлер сатылып алынат.