Май айында жөлөк пул үчүн бюджеттен каражат 2.6 эсеге аз бөлүнгөн

05.06.2020, 13:30 Акчабар
Май айында жөлөк пул үчүн бюджеттен каражат 2.6 эсеге аз бөлүнгөн

Май айында ведомстволук классификациялоонун кассалык чыгымдары - 9 млрд 860.3 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. 

 

Анын ичинен бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына - 2 млрд 398.5 млн сом, калкка социалдык жөлөк пулдарды төлөө үчүн - 810.9 млн сом, социалдык жөлөкпулдар үчүн - 3.2 млн сом бөлүнгөн. 

 

«Калган каражаттар республикалык бюджеттин башка приоритеттүү чыгашаларына жумшалган», — деп белгилешти ведомстводон. 

 

Кошумчалай кетсек, ведомстволордун кассалык чыгымдары май айында апрель айына салыштырмалуу 2.7 млрд сомго төмөндөгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, май айында социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө бөлүнгөн сумманын көлөмү, дароо 2.6 эсеге же 5 млн сомго кыскарган. 

 

Мөөнөтү

Бюджетниктердин эмгек акысы

Социалдык жөлөк пул үчүн

Май

2 398, 5

810, 9

Апрель

3 208, 2

811, 9

Тэги: май апрель жөлөк пул чыгаша мамлекеттик чыгаша Каржы министрлиги кассалык чыгымдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу