«Маймак» темир жол станциясында ЕАЭБдин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункт иштей баштады

20.04.2020, 11:35 Акчабар
«Маймак» темир жол станциясында ЕАЭБдин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункт иштей баштады

Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан «Маймак» темир жол станциясында Кыргызстанга темир жол транспорту менен товарларды ташып киргизүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункту иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Буга байланыштуу, «Маймак» станциясына темир жол транспорту менен товарларды алып келүүчү импорттоочулар андан ары салык салуу жана башкаруу үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан импорттолуучу жүктөргө эсеп жүргүзүүгө жана документтерге белгилөөгө милдеттүү.

Бул пункт өкмөттүн 2020-жылдын 13-мартындагы токтомунун алкагында иштей баштады.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу