Бишкекте 1,5 млрд чыгаша келтирген криптовалюта чыгаргандар аныкталды

17.07.2019, 11:19 Акчабар
Бишкекте 1,5 млрд чыгаша келтирген криптовалюта чыгаргандар  аныкталды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкекте 1,5 мррд сомго чыгаша келтирген  майнинг-ферманы аныкташты. Бул тууралуу финансы полициясы жарыялап чыкты. 

Финполициянын айтымында Кыргызстанда мындай кылмыш биринчи жолу катталды. Ал бирдиктүү рееестерге катталып: «Салыкты жашыруу», «Бажы төлөмдөрүн жасоодон качуу»  жана  «Кылмыштык  кирешщесин алдаштыруу» боюнча айыптар тагылды. Учурда тегөө иштери башталды. 

 Кытай жараны менен кыргызстандык «Т.Ц.» ЖЧК компанияны Биринчи май райондук салык кызматына катталышып, анда компьютердик программаларды камсыздоо боюнча лаборатория катары катталып, салыктарды төлөбөй келишкен. 

Кыргыз жараны дагы бир ЖЧК компанияны ачып, ал аркылуу  бул компанияга электр энергиясын сатып келген. 2018-жылдан бери   майнинг-ферма аркылуу компания 21 млн сом киреше табып, салыктан качып келишкен. 

««Т.Ц.» (майнинг-фермада тинтүү  жасалып, анда   8 миң функционалдык майнер төмөндөгү үлгүдөгү: S9i – 6 615 даана, Т9+ - 1 451 даана, L3+ - 399 даана аныкталып, алар күн-түн электр энергиясы менен интернетке кошулуп турган. ЖЧК компаниянын  жеткчилиги бул аппараттарга тиешелүү документтерди көрсөтө алган жок»,-деп билдирди финансы полициясынан. 

ЖЧК компания электр энергиясын нормадан тышкары колдонгон. Алар  6-7 мегаватт энергияны айына коротушкан. Бул Бишкектин бир кичи  району короткон энергияга барабар деп жазылат маалыматта. ,

«Т.Ц.»  ЖЧК майнерди колдонуудан улам мамлекеттик казынага ири чыгаша келтирген. Анын жалпы суммасы  1 миллиард 499 миллионов сом түзүп, мамлекеттик бажы кызматына  183 млн сом түшкөн эмес. .

«Криптовалютаны өндүрүү жана  колдонуу өлкөгө терс  таасир этет. айрыкча валюта-финансы секторуна, бюджеттин жөнгө салуу жана коопсуздукка доо кетирет. чыгарылган криптовалюта улуттук валютаны алсыздандырып, элдин каражаттары мыйзамсыз колдонудлуп, социалдык чыналууга алып келиши ыктымаал», - деп айтышты Финполиция. 

Учурда баардык жагдайлар боюнча териштирүүлор жүрүүдө. Сотко чейинки териштирүү маалында бул мыйзамсыз аракеттерге аралашып, калкалаган мамлекеттик органдар аныкталууда. 

Айтмакчы, 2018-жылы Улуттук  энергохолдинг  майнинг-фермалар менен дата- боборлор үчүн электр энергиясын колдонууга тыюу салган жарылык чыгарган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу