Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалат. Чыгымдардын сметасын Боршайком бекитти.
Эске салсак, добуш берүү 28-майда өтөт.
Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленди. Ал 12-мартта ГБР кызматкерин сабап салган. Кийин депутаттык укуктарын тапшыруу боюнча арыз жазып, мандатынан ажыратылды.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане