Майлуу-Сууда №3 отказанды ишке киргизүү кыйын болууда – Сыргабаев

16.01.2023, 14:55 Акчабар
Майлуу-Сууда №3 отказанды ишке киргизүү кыйын болууда – Сыргабаев

Учурда Майлуу-Сууда 800 тургун жылуулук жана суу менен камсыз болуп, №1 отказан иштеди. Бүгүн кечке чейин 1 миң 234 абонентке суу барат. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады.

“Кечке чейин №4 отказан ишке кирет. Ал жерде 186 абонент бар. Аларга да альтернативдүү сайдын суусу менен электр энергиясын берүү пландалууда”, -  деди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев.

Аткаминердин айтымында, №3 отказанды ишке киргизүү кыйын болууда. Анткени бул отказан сайдан 1,5 км алыстыкта жайгашып, ага сууну тартып келүү оор болууда.

“Учурда Борбордук суу түтүктөрү эритилүүдө. Бул түтүктөр бүгүн-эртең жөнгө салынат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Азырынча аймактагы өзгөчө кырдаал режими качан алынары белгисиз.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу