Майлуу-Суудагы кырдаалдан улам бюджетке дээрлик 44 млн сом зыян келди

30.01.2023, 12:10 Акчабар
Майлуу-Суудагы кырдаалдан улам бюджетке дээрлик 44 млн сом зыян келди

Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнүн токтошунун кесепетинен улам мамлекетке 43 миллион 821 миң 843 сом зыян келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, инженердик кызматтардан келтирилген зыян 15 миллион 377 миң 910 сомду, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 миллион 834 миң 628 сомду, экономикалык зыян 26 миллион 609 миң 304 сомду түзгөн.

Эске салсак, 12-январда аномалдуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу 13-январда шаарга өзгөчө кардаалдар режими киргизилген. Арадан 11 күндөн кийин 23-январда бардык от казандардын иши калыбына келтирилген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу