“Макмал Голд Компаниясы” Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна 5 млн. сом которот

24.09.2019, 12:49 Акчабар
“Макмал Голд Компаниясы” Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна 5 млн. сом которот

ОсОО “Макмал Голд компания” менен Тогуз-Торо районунун жашоочулары ортосундагы макулдашууларды талкулоо максатта, 4 – августта Тогуз-Торо райондук админстрациясында районундун активдүү тургундары менен жолугушуу өттү. 

Жолугушууда Тогуз-Торо райондук админстрациянын башчысы, структура бөлүмдөрүнүн жетекчилери, айылдык Кеңештин депутаттары жана Тогуз-Торо районунун айыл өкмөтү катышты. 

Бардык пикирлерди жана сунуштарда караган соң, ар бир пунктта жазылган макулдашуулардын аткарыла турган  убактысы тууралуу талкуу болду. Жолугушуудан соң эки тараптын өкүлдөрү бир чечимге келип, келишимге кол коюлду. 

Макулдашылган келишимдин негизинде ОсОО “Макмал Голд компаниясы” Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна 5 млн. сом которуу чечимин кабыл алды. 

Бүгүнкү күндө 312 адам жумуш орду менен камсыз болгон, алардын ичинен 283 адам жергиликтүү тургундар, 90 адам Тогуз-Торо районунун жумушка орноштуруу жана социалдык өнүктүрүү иш башкармасында  каттоодо тургандар. 

Муну менен катар чет элдик адистер үчүн 35 адамга квота берилген, алардын ичинен 29 адам жумуш орду менен камсыз болгон. 

ОсОО “Макмал Голд компаниясында” иштеген жумушчулардын орточо эмгек акысы азыркы учурда 20300 сомду түзөт. 

Жумушсуздарды иш орду менен камсыз кылуу жана жакырчылыктын санын кыскартуу максатта ОсОО “Макмал Голд компания” Тогуз-Торо районунун жумушка орноштуруу жана социалдык өнүктүрүү иш башкармасы менен тыгыз иштешип келет. 

 

Тэги: ОсОО Макмал Голд компания Тогуз-Торо грант өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу