Жыл башынан бери керектөө бааларынын өсүшү 9,1%ды түздү

12.07.2022, 11:16 Акчабар
Жыл башынан бери керектөө бааларынын өсүшү 9,1%ды түздү

Ушул жылдын январь-июнь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырганда республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 9,1 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.

Мында азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз ичимдиктерге баалар 12,5%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 11,8%га, азык-түлүк эмес товарларга - 5,1%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,8%га жогорулаган.

“Эң көп баалар кантка — 38,5%, унга — 22%, жаңы мөмөлөргө — 19,7% кымбаттады”, — деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

Керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалган, максималдуу өсүш Нарын облусунда белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын эң көп өсүшү (24,2%) менен шартталат.

Тэги: потребительские цены нарынская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу