Чакан жана орто бизнеске үч салыктын ордуна бирөөнү төлөө сунушталууда

08.10.2021, 12:45 Акчабар
Чакан жана орто бизнеске үч салыктын ордуна бирөөнү төлөө сунушталууда

Салыктык администрациялоону оптималдаштыруу боюнча чакан жана орто бизнес үчүн жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаса, жөнөкөйлөтүлгөн салык системасы боюнча бирдиктүү салык төлөө укугун берүү сунушталууда. Бул тууралуу Салык кодексинин жаңы редакциясынын мыйзам долбоорунда айтылат.

Кодекстин жаңы редакциясы кабыл алынса, бир салык үчөөнүн ордун алмаштырат: киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык жана жеткирүүлөргө кошумча нарк салыгы.

Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы 283 миң 177 салык төлөөчүнү же бардык салык төлөөчүлөрдүн 55,5% ын камтыйт, алардын жылдык жүгүртүүсү жылына 30 млн сомдон ашпайт. Салыктык түшүүлөрдүн түзүмүндө алардын салымы бүгүнкү күндө жалпы сумманын 18,2% ын түзөт.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө бирдиктүү салык жылдык кирешеси сегиз миллион сомдон ашпаган чакан ишканалар тарабынан гана колдонулат.

Тэги: Налоговый кодекс налоги малый и средний бизнес Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу