Мамкурулуш быйыл 150дөй социалдык объект, 8 оорукана курат

01.02.2023, 10:27 Акчабар
Мамкурулуш быйыл 150дөй социалдык объект, 8 оорукана курат

Ушул жылы Мамкурулуш 150нүн тегерегинде социалдык объект, 8 жаңы заманбап оорукана курууну пландоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында белгилүү болду. 

Жыйында Мамкурулуштун 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча жыйынтыктар каралды. 

“2022-жылы курулуш тармагында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 138,3 млрд сомду түзүп, ал өткөн жылга салыштырмалуу 3% өсүш болгон. Ал эми, курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 175,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 8% түздү. Бул экономиканын өсүү динамикасынын бирден бир себеби. Статистика боюнча ала турган болсок, буга чейин 10 жылда 353 мектеп салынса, 2 жылда 140 мектеп курулду”, деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу