АК «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» директорлор кеңеши жыйында жаңы төрайым катары Аида Төлөгөнованы шайлашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Төлөгөнова Салык кызматында ири тажрыйбасы бар. Коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке структураларда финансист жана бухгалтер болуп иштеген.
Ал эми компаниянын буга чейинки директору Эльмира Абжапарова ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.