Мамлекет көз карандысыз медианы каржылоону көздөөдө

04.03.2024, 17:05 Акчабар
Мамлекет көз карандысыз медианы каржылоону көздөөдө

Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо фонду түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымында, фонд көз карандысыз медиага дагы финансалык каржылоо көрсөтөт. Өлкөдө  2 миң 700дөн ашык медиа бар. Алардын баары эле ЖМК катары катталган эмес.

Маалымат каражаттары тууралуу мыйзам долбоор кабыл алынып калса, катталбаган жана Кыргызстанда аккредитациядан өтпөгөн медиалар менен мамлекеттик органдар  иштешпейт.

Тэги: көз карандысыз медиа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу