Мамлекеттик банктар бизнеске 31 млрд сомдон ашык насыя берди

28.01.2022, 15:52 Акчабар
Мамлекеттик банктар бизнеске 31 млрд сомдон ашык насыя берди

Кичи жана орто бизнес субъектилерин колдоо, ошондой эле кредиттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык «Айыл банк» жана «РСК банк» акционердик коомдорун кошумча 4,0 млрд сомго капиталдаштыруу жүрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул «Айыл банк» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын – 5,5 млрд сомго жана «РСК банктын»  уставдык капиталын 5,4 млрд сомго чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Буга катар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ААК тарабынан 31 млрд сомдон ашык суммага 88 миңге жакын насыя берилип, анын 72%ы аймактардагы долбоорлорду каржылоого жумшалганын белгилей кетүү керек. 

«Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасынын алкагында 6 млрд сомдон ашуун суммага 10 387 насыя берилди.

2021-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тараптан ишкердик демилгелерди колдоо максатында 44,5 млн доллар суммасындагы 308 долбоор каржыланган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу