Маданият министрлигинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өткөрүлгөн маданий иш-чараларда фонограмма менен ырдагандыгы үчүн айып салуу каралууда. Бул боюнча мыйзам долбоорду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомдук талкууга койду.
Мыйзам долбооруна ылайык, айып пулдун суммасы жеке жактарга 10 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 28 миң сом болушу мүмкүн.
“Ошондой эле, концерттерин уюштурууда ырчылар билеттерде, плакаттарда жана башка жарнактарда фонограмманын кандай түрлөрү болорун көрсөтүүсү керек. Мында фонограмманын жандуу үнгө болгон катышы 20%дан ашпоого тийиш”, - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик маанидеги иш-чараларды, ошондой эле телевидение каналдарынан түз эфирге тартууну жана көрсөтүүну кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен уюштурулган маданий иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүдө үн, плюс жана жарым-жартылай фонограммаларды аткарууга жол берилбейт.