Каржылык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча стратегиялык кадамдын алкагында уюм өзүнүн уставдык капиталын олуттуу түрдө 994 млн 351,8 миң сомго чейин көбөйттү. Капиталды көбөйтүү чечими 7-декабрдагы акционерлердин жалпы жыйынында жактырылды.
Өкмөт менен Жогорку Кеӊештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин макулдашуусуна ылайык “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКтын уставдык капиталын 600 млн сомго жогорулатуу боюнча Каржы министрлигине тапшырма берилген.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 31-июлунда “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Мыйзамды ишке ашыруу максатында “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 883 токтому менен “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коому түзүлгөн.
Уюм 50 млн сомдук уставдык капитал менен өз ишин баштаган.
“Жаӊы жетекчи Элдияр Калдарбековдун келиши менен уставдык капиталды жогорулатуу боюнча өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттик менен сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деп айтылат маалыматта.