Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы 45,53% түздү

09.05.2024, 16:10 Акчабар
Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы 45,53% түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы акыркы беш жылда ички дүң продукцияга салыштырмалуу эң төмөнкү деңгээлге жетти. Мындай тыянакты ​​Каржы министрлигинин маалыматына таянып чыгарууга болот. 

2023-жылдын 31-декабрына карата республиканын мамлекеттик карызынын көлөмү 6 млрд 280,5 млн долларды же 559,5 млрд сомду түздү. Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз 4 млрд 652,7 млн долларды, ички карыз 1 млрд 627,8 млн долларды түзөт.

Бирок мамлекеттик карыздын өзүнүн өлчөмү гана эмес, анын өлкөнүн ички дүң продукциясына (өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук наркы) болгон байланышы да маанилүү. Бул карыздын деңгээлин көрсөтөт.

2023-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга карата катышы 45,53% түзгөн.

Салыштыруу үчүн, 2019-жылы бул көрсөткүч 48,8% деп бааланган. Мында ИДПга карата карыздын туу чокусу 2020-жылы 63,6% болгон.

 

Тэги: Мамлекеттик карыз ИДП Тышкы карыз ички карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу