KOICAстипендиялык программасы Түштүк Кореяда окуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери арасында сынак жүргүзө баштады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Негизги талаптар: жогорку билимдүү болуу, мамлекеттик/ муниципалдык кызматта эмгек стажы болуусу зарыл/ мамлекеттик тармакта эки жылдан кем эмес, англис тилинде эркин сүйлөй алуу жана 40 жаштан улуу эмес болуу.
Баардык документтер англис тилинде толтурулуш керек. Талап кылынуучу документтердин тизмесин Экономика министрлигинин сайтынан таабууга болот.