Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин “Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик мекемеси дээрлик 1,9 млн. сомго унаа сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик мекеме Toyota RAV 4 унаасын 1 млн. 950 миң сомго сатып алууну пландап жатат.
Талапка ылайык, Toyota RAV 4 2016-2018-жылдар аралыгында чыккан болуш керек. Ошондой эле, унаанын өңү ак же күмүш түстө жана ичи булгаарыдан кара түстө болушу кажет.
Тендер боюнча арыздар 8-июнга чейин кабыл алынат.