Мамлекеттик мүлк фонду кайрадан агенттик болуп түзүлөт

29.03.2023, 09:35 Акчабар
Мамлекеттик мүлк фонду кайрадан агенттик болуп түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлигинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт. Бул  тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет. Ошондой эле, 88 мамлекеттик ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат:

  • транспорт жана байланыш чөйрөсүндө – 11 мамлекеттик ишкана;
  • байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 12 мамлекеттик ишкана;
  • айыл чарба чөйрөсүндө – 24 мамлекеттик ишкана;
  • мамлекеттик геология системасында – 2 мамлекеттик ишкана;
  • ар кандай кызматтарды көрсөтүү – 39 мамлекеттик ишкана.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу