Мамлекеттик органдарга жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди

08.10.2020, 13:00 Акчабар
Мамлекеттик органдарга жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди

Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясы пандемиясы күч алып жатканы белгиленди. 

Андан сырткары  2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болоорун  эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. 

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат», - деп белгилешти жыйындын катышуучулары.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин талкуулашты. 

Бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди.

Тэги: Өкмөт аппарат жетекчилер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу