Эмне себептен тышкы карыздын көлөмү бир айда 7.9 млрд сомго өсүп кеткен?

08.09.2020, 09:10 Акчабар
Эмне себептен тышкы карыздын көлөмү бир айда 7.9 млрд сомго өсүп кеткен?

30-июлга карата Кыргызстандын тышкы карызы 320 млрд 39.2 млн сомго жеткен. Ал эми ушул эле жылдын 30-июнуна карата карыздын көлөму - 312 млрд 64 млн сомду түзгөн. Бул бир ай ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 7 млрд 975.2 млн сомго өскөнүн билдирет. Мындай маалыматты республиканын финансы министрлиги берди. 

 

Бир ай ичинде карыздын көлөмүнүн өсүшүнүн себеби Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан +1 млрд 877 млн сом жана Кытайдын Экспорт-импорт банкынан +1 млрд 450.7 млн сом алганы менен байланыштуу. 

Белгилей кете туруучу нерсе, Кыргызстандын ички карызы үстүбүздөгү жылдын июль айынан июнь айына салыштырмалуу 470.6 млн сомго кыскарган.  

Тэги: Мамлекеттик карыз Тышкы карыз ички карыз Кыргызстандын карызы Экспорт-импорт банк Каржы министрлиги Финансы министрлиги Акчабар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу