«МАНАС» аэропортунун төрагасы Кувейттин Jazerra Airways авикомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

02.02.2021, 08:10 Акчабар
«МАНАС» аэропортунун төрагасы Кувейттин Jazerra Airways авикомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

2021-жылдын 1-февралында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы- Башкы директор Бактыбек Сыдыков Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарын ачуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ал 2021-жылдын 5-февралынан 11-февралына, Кувейт-Ош-Кувейт 2021-жылдын 9-февралына жылдырылды.

Jazeera Airways авиакомпаниясынын директорунун орун басарынын ассистенти Риза Аль Мусавинин айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин, Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдарынын жыштыгын көбөйтүүнү, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат. Бүгүн каттамдар жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Ал ошондой эле аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен, Кувейт-Бишкек-Сиань каттамы боюнча учууларды ачууну пландаштырып жатышкандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде, Башкармалыктын Төрагасы Бактыбек Сыдыков «МЭА» ААК 24 саат бою жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тэги: аэропорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу